www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 11-майынан тартып Бишкек шаарындагы алты көрүстөндө маркумдарды жерге берүү, мурдагы мүрзөлөргө кошумча көмүү жана жаңы сөөк коюу иштери жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Бул чечим көмүү жайларын тейлөөдө санитардык жана экологиялык талаптарды сактоо, ошондой эле жаңы сөөк коюу үчүн бош жерлердин жоктугуна байланыштуу кабыл алынды.
Тиешелүү чаралар Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун корутундусунун негизинде киргизилди.
Төмөнкү көрүстөндөрдө сөөк коюуга тыюу салынды:
Ыбырайым Абдрахманов жана Абдрашит Бердибаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
«Энесай» конушунда Орхон жана Энесай 11-көчөлөрүнүн кесилишинде;
«Көк-Жар» конушундагы Фёдор Достоевский жана Арстанбап көчөлөрүнүн кесилишинде;
Орто-Сай айылындагы Мамбет Иманалиев көчөсүндө;
Лермонтов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде;
Төмөнкү Ала-Арча айылындагы Кыргыз көчөсү менен Түндүк айланма жолунун кесилишинде.
Бишкек шаарынын мэриясы тургундардан сөөк коюуну уюштурууда киргизилген чектөөлөрдү эске алууну жана жаңы сөөк коюу үчүн бөлүнгөн көрүстөндөр тууралуу маалымат алуу максатында «Бишкектеги аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканасына кайрылууну өтүнөт.