www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Элдер биримдиги жана бир туугандык үчүн» элдик кыймылдын Координациялык кеңешинин төрайымы, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы профессор Клара Ажыбекованын ШКУнун башка мүчө-мамлекеттеринин жетекчилерине сураныч менен кайрылды.

Текст төмөндө толугу менен: 

Төрагалык кылган Таджикистан Республикасынын президенти Э.Ш.Рахмонго
ШКУнун башка мүчө-мамлекеттеринин жетекчилерине берип коюу суранычы менен

Беларусь Республикасынын президенти А.Г.Лукашенкого
Казакстан Республикасынын президенти К-Ж.К.Токаевге
Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзиньпинге
Кыргыз Республикасынын президенти С.Н.Жапаровго
Өзбекстан Республикасынын президенти Ш.М.Мирзиёевге
Россия Федерациясынын президенти В.В.Путинге
Индия Республикасынын премьер-министри Н.Д.Модиге
Пакситан Ислам Республикасынын президент Ариф Алвиге

Урматтуу төрага Эмомали Шарипович!
Урматтуу Александр Григорьевич!
Урматтуу Касым-Жоомарт Кемелевич!
Урматтуу Си Цзиньпин!
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Урматтуу Шавкат Миромонович!
Урматтуу Владимир Владимирович!
Урматтуу Нарендра Дамодардас!
Урматтуу Ариф Алви!
ШКУнун башка урматтуу мүчөлөрү жана байкоочулары!

«Элдер биримдиги жана бир туугандык үчүн» деп аталган элдик кыймылдын Координациялык кеңеши жана Кыргызстандын Коммунисттик партиясы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттерди дүйнөдөгү бул эң маанилүү уюмдардын биринин түзүлгөнүнүн 20 жылдыгы менен куттуктайт! Бул уюм – жалгыз бир же Батыштын бир нече эле мамлекетинин үстөмдүгү астында бүткүл дүйнө бир полярдуу боло албай турганын көрсөттү.

1. Тарыхый факттардан эч жакка жашынып кутула албайсың. Советтер Союзу чачырагандан кийин бир полярдуу тартип биздин Жер шарын жана анда жашаган адамзатты дүйнөлүк апаатка жана өтө реакциялык күчтөрдүн үстөмдүгүнө алып келди. Эл аралык турмуштун баардык тармактарында жана көпчүлүк мамлекеттердин ички трумушунда регресс болуп жатканын көрүп турабыз. Коом өтө бай жана өтө жакыр катмарларга бөлүнүп кетти. Адеп-ахлак менен ар-намыстын бузулушу жеке адамдык дагы, мамлекеттик менен мамлекет аралык деңгээлде дагы көрүнүп турат. Дүйнөнүн эң бай жана таасирдүү адамдары башында турган баңги заттар бизнеси эбегейсиз жайылып баратат. Жеке менчикке негизделген өзүмчүлдүк психология жалпы бузукулук деңгээлге жетип, адам психологиясын алжытууга алып келди. Адамзат азыр – наркомания, жаш балдарды зордуктоо, бир жыныстуулардын бир-бирине үйлөнүүсүн пропагандалоо, наристелердин стрессинен эң бай адамдар кумарга батканы сыяктуу бузукулукка чалдыгып, материалдык байлыктын диктатурасына кабылды. Чыныгы руханий баалулуктар четке кагылып, коомдо алар эч нерсеге жарабай калды.

2. Эл аралык сахнада жана мамлекеттер ичинде дагы калп, провокация, алдамчылык, фейктер, кынтыксыз ыкмалар менен адам намысына тийүү кадимки эле көрүнүшкө айланып баратат. Аны биз – болбогон шылтоо менен русофобия деңгээлине жеткен Орусияны кемсинтүү жана анын беделин түшүрүү мисалдарынан көрүп турабыз. Орус армиясы болсо дүйнөдөгү эң күчтүү аскерлердин бири. Батыш жана өзгөчө АКШ тарабынан атайылап исламофобия дагы таңууланып жатат жана дүйнөнүн эң алдыңкы мусулман мамлекеттеринде экстремисттик менен террордук ислам уюмдары пайда болууда. Исламофобияга ар башка нерселер шылтоо болууда – Иракта, мисалга, өзөктүк курал бар болгон имиш, Ливия менен Сирияны болсо демократтар эмес, диктаторлор башкарган. Натыйжада Чыгыш цивилизациясы дээрлик толугу менен талкаланды – ал Батыш тараптан каракталып, элдери качкынга айланды. Бирок мындай фашизм тууралуу дүйнө жетекчилери унчукпайт. Ким жана кайсы мамлекеттер анын баарын калыбына келтире алат? Ким талкаласа, ошолор кайра куруп, кенемте да төлөп бериш керек.

3. Чыгыш цивилизациясынын эли жапырт Батышка кетип жатат. Советтер Союзунун чачырашы дагы советтик элдин бүткүл дүйнөлүк миграцияга түрткөн. Мындай миграцияга, эң биринчи кезекте, жумушсуздук себеп болду, ал болсо – Дүйнөлүк валюта кору сунуш кылып жана анын болбогон жардамы үчүн ири завод-фабрикалардын иши токтогонунан пайда аболгон. Аларды жок кылуу менен кошо МВФ – чакан жана орто бизнестин түзүлүшүн талап кылган. Эми биз аны түшүнүп жатабыз: аны менен капитализмди кыйрата ала турган жалгыз күч – жумушчу тап жок кылынган.

4. Жер шарындагы экологиялык кыйроону дагы өлчөп-ченей албайсың. Акыркы эле мисал – Кыргызстандагы Кумтөр. Канадалык «Центерра голд» компаниясы уу калдыктар менен Борбор Азиянын сууларын булгаган, кендин айланасында миллиондогон тонналык калдыктар топтолду, Кыргызстандын жогорку жетекчилиги болсо доллардык байлыктын айынын өлкө менен калктын кызыкчылыктарын унутуп койгон. Ошондой эле маселелер башка мамлекеттерге да таандык. Адамзат азыр өзүн өзү жок кылуу коркунучуна такалды.

5. ШКУ мамлекеттеринин урматтуу жетекчилери! Учурдагы коомдук кризистен, тактап айтканда, XXI-кылымдагы капитиализмдин кризисинен адамзат кантип чыга алат? Үңкүрдүн аягындагы жарык качан көрүнөт? Адамзат коомдун кандай түрүнө умтулуш керек?

Дүйнөлүк жол, тарыхый өнүгүүнүн эрежелери – К.Маркс, Ф.Энгельс, В.Ленин жана И.Сталин сыяктуу генийлер айткандай, адамзаттын кийинки өнүгүүсү – социализм. Анын мисалын Улуу Кытай көрсөтүп турат. Жеке менчиктен мурда коомдук мүлккө маани берүү коомдук аң-сезимди толугу менен өзгөртүп, биринчи орунга коомдук кызыкчылыкты коёт. Адамзатка эч кандай апаат, козголоң менен кан төгүүнүн кереги жок. Бардык мамлекеттер жана эң биринчи кезекте ШКУга мүчө өлкөлөр Советтер Союзун калыбына келтириш керек, анткени социализм бүткүл дүйнөнү өзгөртөт. XXI-кылымдын ичинде эле биз баарыбыз бир үй-бүлө сыяктуу согушсуз жана башка апаатсыз жашай алабыз.

Жолдоштор! Советтер Союзу үчүн! Социализм үчүн! Акыркы 30 жыл ичинде топтогон бардык оң жана баалуу тажрыйба менен!

Сиздерди терең урматтоо жана башкаруу аң-сезимин силер өзгөртө аласыңар деген ишеним менен, баарыңардын үй-бүлөңөргө, элиңерге, мамлекеттерниңерге бакыт, тынчтык жана бакубат жашоо каалап, 

«Элдер биримдиги жана бир туугандык үчүн» элдик кыймылдын Координациялык кеңеши
Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитети

«Элдер биримдиги жана бир туугандык үчүн» элдик кыймылдын Координациялык кеңешинин төрайымы,
Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы профессор Клара Ажыбекова.

Таджикистан Республикасы, Дүйшөмбү шаары
Шанхай кызматташтык уюмунун жыйыны, 2021-жылдын 17-сентябры

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости