www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизде соттор менен прокурорлор жуурулушуп калган. Мындай пикирин Конституциялык палатанын мурунку судьясы, юрист Клара Сооронкулова социалдык баракчасына жазды. 

Юрист кылмыш ишин кароодо соттор прокурорлордун айтканынан чыга албай турганын белгилеп, мындай көрүнүштү көп эле соттук процесстерден байкап келгенин кошумчалады.

--"Мисалы: бөгөт коюу чарасы каралып жатканда, жактоочу шектүүнү  2 айга камаганга негиз жок деп, аны жүйөөлөп берет. Прокурор болсо, эч качан жүйөөлөбөйт. «2 айга камап бериңиз, суранабыз» деп коет, болду. Соттор прокурордун айтканын аткарат. Эгер прокурордун суранычын четке кагып, адвокаттын өтүнүчүн канааттандырса, ал жаңылык катары айтылат. Сот процессинде коргонуп жаткан тарапты дайым басынтып, прокурор тарапка тартып жатканы ачык-айкын эле байкалып калат. Булар жуурулушуп калган. Ар бир сотко бирден прокурор бекитилип берилет. Бир мекемеден кабинет бөлүп берип коет. Алар канча жылдан бери чогуу отуруп, коллектив болуп калат. Түшкү  тамактанууга чогуу барат. Анан кайдан сот объективдүү чечим чыгарат?!", - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости