www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Жеңиш Молдокматов 5-6-октябрда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу максатында массалык башаламандыкты уюштурган деп айыпталып жатыптыр. Андай болсо, баарыбызды камагыла! Мындай пикирди саясатчы Клара Сооронкулова NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
--"Жеңиш Молдокматов 5-6-октябрда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу максатында массалык башаламандыкты уюштурган деп айыпталып жатыптыр. Андай болсо, баарыбызды камагыла! Массалык башаламандыкка катышпаган партиянын лидери калган жок. Себеби, шайлоонун жыйынтыгына барыбыз нааразы болуп чыкканбыз. Алардын катарында азыркы чоң кызматтарды ээлеп отургандар бар. 5-6 октябрдагы окуялардын баардыгы кылмыш болсо, анда баарын камагыла.
Кылмыштын негизинде келтирилген зыяндын ордун толтургула. кылмыштын негизинде абактан бошотулган адамдардын баарын алып барып камагыла. Сооронбай Жээнбековду кайрадан президенттик оордуна койгула. Анда ошол күндөрү митингге чыккандарды барыбызды камашсын!", - дейт Сооронкулова.
Булак: NazarNews.kg