www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө төрөт учурунда ымыркайдын акыреги сынган окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя 14-августта Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө болгон. Маалыматта ымыркайдын акыреги төрөт учурунда сынып кеткени айтылат.
“Төрөттүн ар бир этабында медициналык стандарттардын сакталышын текшерүү үчүн атайын топ түзүлдү. Ал окуянын бардык жагдайын тактайт жана ага медициналык баа берет”, — деп билдирди министрлик.
Ошондой эле ички иштер органдары бул факты боюнча өз алдынча иликтөө иштерин баштаганы айтылды. Окуяга тиешеси бар бардык медицина кызматкерлеринин аракетине юридикалык да баа берилип, мыйзам бузуулар аныкталса, эң катаал чаралар көрүлөрү кошумчаланды.
Учурда эне-балага керектүү болгон медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg