www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен төрт жашар кыз 15 күндөн бери табыла элек, учурда 18 куткаруучу издеп жатат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн кызды сегиз суучул, беш куткаруучу, бир кызматкер дрону менен Балыкчы шаарынан Тору-Айгыр айылына чейин издешет. Ал эми дагы төрт куткаруучу Ак-Дөбөдөн Боз-Бешик айылына чейин карамакчы.

"Жалпы 18 куткаруучу көл үстүнөн, суу түбүнөн, жээктерден издешет. Иштин жүрүшү тууралуу кошумча маалымат берилет", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда саат 15:00дөр чамасында Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда төрт жашар кыз көлгө чөгүп кеткен. Көл жээгинде бул учурда шамал жана толкун болуп жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости