www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 6-марттагы жыйынында Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо конушунда тоңуп калган көлмөдө ойноп жатып сууга түшүп кеткен балдардын маселеси көтөрүлдү.

Депутат Элвира Сурабалдиева бул конуштагы көлмөлөрдүн ээлери анын тегерегинде жашаган тургундардын коопсуздугун камсыз кылууда кайдыгер болуп жатканын белгиледи.

“Көлмөлөрдүн ээлери качып жүрөбү же мамлекетти тоготпой жатабы? Мен бул боюнча Улуттук коопсуздук комитетине жана Башкы прокуратурага кайрылам. Аларды таап, эл менен жолугуп, алар менен макулдашып, көлмөлөр боюнча бир чечим чыгарышы керек. Ортодо экология маселеси, балыктын сапаты боюнча козголуп, сөз бөлүнүп кетип жатат”, - деди Сурабалдиева.

Сөз болгон окуя 2-мартта Мурас-Ордо конушундагы көлмөдө болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, чөгүп кеткен беш баланын үчөөнү жергиликтүү тургундар суудан өз алдынча куткарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы жакшы экенин билдирген.

Куткаруучулар суудан 9-11 жаштагы эки баланын сөөгүн алып чыгышкан.

Балдарды суудан куткаруу иштери тартылган видео социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууланган. Анда жергиликтүү тургундар мындай каргашалуу окуя буга чейин да катталганын, көлмөнү тосуп берүү өтүнүчү менен тийиштүү мекемелерге кайрылып, майнап чыкпаганын айтышкан.

Ушул жылдын 26-январында Сокулук айылынын Октябрь көчөсүндөгү көлмөнүн үстүндө тоңгон музда 2015-жылы туулган үч бала ойноп жатып сууга түшүп кеткен. Алардын сөөгүн ИИМдин жана ӨКМдин кызматкерлери таап чыккан. Ага чейин, 8-январда Балыкчы шаарындагы Озерная кѳчѳсүндөгү кѳлмѳдѳ муз тээп жатып сууга түшүп кеткен эки баланы ӨКМ кызматкерлери куткарууга үлгүргөн.

 

Последние новости