www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын районундагы бир катар объектилерди кыдырып, жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.
Министр Таш-Башат айылында ERIK программасынын алкагында курулуп жаткан Д. Мамбетов атындагы орто мектептин курулуш иштеринин жүрүшүн жеринде көрдү.
Мындан тышкары, Чоң Чырайлуу коктусунда эки сел тосуучу дамбаны куруу долбоору каралды. Маалыматка ылайык, бул курулуш иштерин Ага Хан фондунун каржылоосу менен баштоо пландалууда.
Иш сапардын жүрүшүндө Канатбек Чыныбаев объектилерде коопсуздук талаптарынын сакталышына өзгөчө көңүл буруп, жооптуу кызматтарга курулуш иштерин тыкыр көзөмөлгө алуу, аныкталган кемчиликтерди өз убагында жоюу жана алдын алуу чараларын күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Последние новости