www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМ министри Канатбек Чыныбаев өрт өчүрүүчүлөрдү кесиптик майрамы менен куттуктады 

Урматтуу кесиптештер, куткаруучулар жана өрткө каршы кызматынын ардагерлери!

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана өзүмдүн атымдан сиздерди Кыргыз Республикасынын өрткө каршы кызматынын 100 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Жүз жыл - бул тарыхтын, эрдиктин жана өз ишине берилгендиктин бүтүндөй доору. Ушул мезгил аралыгында өрткө каршы кызматы мамлекеттин коопсуздук системасынын эң маанилүү багыттарынын бирине айланып, ишенимдүүлүктүн, кайраттуулуктун жана эң жооптуу учурда жардамга келүүгө дайым даяр болуунун символу болуп калды.

Өрт өчүрүүчү кесиби - эң татаал жана эң ардактуу кесиптердин бири. Сиздер күн сайын өмүрүңүздөрдү тобокелге салып эмгектенесиздер.

Кооптуулукка карабастан, туруктуулукту, жогорку кесипкөйлүктү жана чоң жоопкерчиликти көрсөтүп келесиздер. Ар бир кызматтык чыгууңуздардын артында сакталган өмүрлөр, аман калган үйлөр жана элдин терең ыраазычылыгы турат.

Ардагерлерге өзгөчө урмат-сый жана ыраазычылык билдирем. Сиздердин жан аябас эмгегиңиздердин, бай тажрыйбаңыздардын аркасында бүгүнкү күндө жаңы муун өрт өчүрүүчү-куткаруучу кесибин татыктуу улантып келет.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын өрткө каршы кызматы заманбап технологиялар жана кесипкөй кадрлар менен чыңдалып, ишенимдүү өнүгүү жолунда бара жатат. Бирок өзгөрүүсүз калган эң башкы баалуулук - коомдун коопсуздугун коргоо жолун тандаган адамдардын ар-намысы, эрдиги жана кызматтык милдетине болгон берилгендиги.

Урматтуу кесиптештер!

Ар бир кызматкерге оор, бирок өтө маанилүү эмгеги үчүн, өлкөбүздүн жарандарынын өмүрүн жана коопсуздугун коргоо үчүн ар дайым даяр тургандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, кесиптик ийгиликтер, тынч нөөмөттөрдү жана ар дайым аман-эсен үйүңүздөргө кайтып келүүнү каалайм.

Кыргыз Республикасынын өрткө каршы кызматынын 100 жылдык мааракеси кут болсун!

Сиздердин кызматыңыздар элибиздин урмат-сыйына жана жогорку баасына ар дайым татыктуу боло берсин!

 

Последние новости