www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Саламаттык сактоо министрлигине тогуз тез медициналык жардам унаасын өткөрүп берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, унааларды тапшыруу аземи Медицина кызматкерлеринин күнүн утурлай өткөрүлдү. Иш-чарага Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана ӨКМ министринин орун басары Акылбек Мазарипов катышты.
Саламаттык сактоо министри көрсөтүлгөн колдоо үчүн ӨКМ жетекчилигине ыраазычылык билдирип, жаңы тез жардам унаалары медициналык кызматтардын ишин жакшыртып, калкка өз убагында жана сапаттуу жардам көрсөтүүгө шарт түзөрүн белгиледи.