www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандыктарды жер титирөөдө көтөрө чыкканга коопсуздук куржунун даярдап коюуга чакырды.

Ал көтөрүүгө ыңгайлуу болуп, кеминде үч күнгө жете турган азык, жардамга чакыруу үчүн белги берүүчү шаймандар болушу керек.

Куржунга төмөнкүлөр салынышы шарт:

документтердин көчүрмөсү, акча;

меджардам көрсөтүү кутучасы;

ысыкта 5-6 литр, кышта 3-4 литр суу;

консерва, жогорку калориядагы тамак-аш;

гигиена каражаттары;

запас кийим, бут кийим, жууркан;

радио, батарейкалар, PowerBank, ышкырык, фонарик;

кагазда жазылган жакындарыңыздын дареги, телефон номери.

Ошондой эле ӨКМ ар бир кыргызстандык жер титирөө учурунда эң жөнөкөй 10 эрежени билиши керектигин эскертти:

тынч болуп, дүрбөлөңгө түшпөңүз;

лифт же тепкичти колдонбоңуз;

эмеректерден, терезелерден, асма шам чырактан алыс кетиңиз,

баш калкалоочу жай таап, башыңызды колуңуз менен жаап алыңыз;

жер титирөө токтогондон кийин имараттан чыгып кетүүгө болот;

сыртка чыгарда сууну, газды, электр энергиясын өчүрүү зарыл;

авариялык абалдын алдын алыңыз;

электр зымдарынан, имараттардан, дарактардан алыс болгонуңуз дурус;

жер титирөөнүн кайталануусуна даяр болуңуз;

балдарга, кары-картаңдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жардам көрсөтүңүз.

Эгерде адам уранды астында калса куткаруучу келгиче катуу кыймылдоого болбойт. Куткаруучу болбогон адамдар урандыларга тийбеши керек, анткени анын алдындагы киши кандай жаракат алганын билбей калышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости