www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-март күнү Казакстандына аймагында катталган жер титирөөгө байланыштуу айгай жарыяланып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда жыйын өттү.

Жыйында соңку абал боюнча маалымат угулуп, министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов күжүрмөн даярдык абалда туруу тапшырмасын койду.

Маалым болгондой, бүгүн саат 04:42де Казакстандын аймагында катталган жер титирөөнүн очоктогу күчү 5,5 магнитудасына жеткен.

Жер титирөө Кыргызстандын Талас облусунун Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында болжол менен 4 баллгачейин сезилген.

Учурда тактоо иштери жүрүүдө. ӨКМнын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору коңшу Казакстан мамлекет Кризистик кырдаалдарда башкаруу Бөлүшүү борбору менен түз байланышта маалымат алмашууда.

Последние новости