www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүйүнчү! Айпери Медет кызы Азия чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Иорданияда өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.

Ал 27-мартта 76 кг салмак категориясында күч сынашып, 1/4 финалынан баштаган.

Кыргызстандык спортчу биринчи беттеште кытайлык спортчуну 3:0 эсебинде жеңип, жарым финалда Түндүк Кореялык өкүлдү жеңген.

Финалдык беттеште Медет кызы 23 жашка чейинки спортчулар арасында 2023-жылдын дүйнө чемпиону болгон Индиялык Ритика менен күрөштү.

Беттеш 6:6 эсеби менен жыйынтыкталып, Кыргызстандын пайдасына чечилди.

Индия курама командасынын машыктыруучулар штабы бул чечимге макул болбой, видео кайталоону суранган, жыйынтыгында калыстардын чечими туура болгону аныкталган.

Медет кызы 7:6 эсебинде жеңишке жетип, карьерасында үчүнчү жолу Азия чемпионатын утту.

Буга чейин ал 2022 жана 2024-жылдардагы турнирлерде жеңишке жеткен.

 

Последние новости