www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксыда да жер титиреди

Бүгүн, 28-мартта саат 07:17де Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Тегирмен-Суу айылынан түндүк-батышка карай 10 чакырым, Аркит айылынан түштүк-батышка карай 17 чакырым аралыкта жайгашып, Аркит, Жылгын, Тегирмен-Сай, Жол-Сай, Ит-Агар айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Последние новости