www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Новосибирск-Бишкек багыты менен учуп келе жаткан кыргызстандык аялдын 200 миң рубль акчасын уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Сибирь Транспорттук полициясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Укук коргоо органдары шектүү катары «Толмачево» аэропортунун 25 жаштагы кызматкерин кармашкан. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал жүргүнчүлөрдүн жүктөрүн жүктөп жаткан учурда ачылып калган чемодандан акча көрүп калып, 200 миң рублду уурдап алган. Ал акчаны кызматкерлер эс ала турган бөлмөдөгү эмеректин алдына катып койгон. Шектүү 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги айтылды.