www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таласта жер титирөөгө байланыштуу ыкчам топ түзүлдү

Талас облусунун Талас районунда жер титирөөгө байланыштуу ыкчам топ түзүлүп, учурда силкинүү катталган Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылына барышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Алардын алдын ала билдирүүлөрү боюнча 5 турак жайдын дубалында жарака кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басарынын буйругунун негизинде саат 05:15де ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы ыкчам жыйынга чогулуп, абалды көзөмөлдөө, айыл аймактардан маалымат алуу, чара көрүү, кесепеттерин тактоо ишерин алып барууну талкуулашты.

Каракол айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы берген маалыматтарына ылайык, саат 06:00гө карата абал тынч, жергиликтүү тургундардан кайрылуулар азырынча түшө элек. Ал эми ыкчам жеринде тактоо иштерин жүргүзүүнү улантат.

Бүгүн, 28-мартта Сейсмология институту саат 04:42де Казакстандын аймагында күчү 5,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталганын, Талас облусунун Талас районундагы Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймактарында 4 балл болгонун маалымдады.

Последние новости