www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айдоочусу Ысык-Көлдө эс алуу учурунда чөгүп бара жаткан 2 жаштагы баланы куткарып калды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, ӨКМдин Тоо куткаруу кызматынын жетинчи өзүнчө мобилдик куткаруу взводунун айдоочу нускоочусу прапорщик Элболот Кожоканов 2 жаштагы баланы куткарып, ага биринчи жардам көрсөттү.

Маалым болгондой, 15-июлда кезектеги өргүү убагында Элболот Кожоканов катамаранда эс алып жатып, Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылында көлдүн жээгинде 2 жашар бала эс-учун жоготконун байкап калган. Ал кичинекей баланы суудан алып чыгып, жасалма дем алдырып,биринчи жардамды көрсөткөн.

Жыйынтыгында бала көзүн ачып дем ала баштаганда аны ата-энесине өткөрүп берип, медициналык текшерүүдөн өтүүнү сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости