www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыктарынын кароол башчылары үчүн авариялык куткаруу жана өрт өчүрүү иштерин уюштуруу жана жетекчилик кылуу боюнча атайын окутуу өз ишин баштады.

Министр, генерал-майор Урматбек Шамыркановдун тапшырмасы менен башталган окутуунун негизги максаты – өзгөчө кырдаалдарда жана өрт кырсыктарында куткаруучулардын кесиптик даярдыгын жана мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу.

ӨКМдин аймактык башкармалыктарынын кароол башчыларынын кесипкөйлүгүн арттырып, аларга авариялык куткаруу жана өрт өчүрүү иштерин натыйжалуу жүргүзүү үчүн зарыл болгон теоретикалык жана практикалык билимдерди берүү, атайын окуу аяктагандан кийин билим деңгээлин аныктаган серттификаттар ыйгарылат.

Белгилей кетсек, аталаган окутуу 2026-жылдын 2-мартынан тарта башталып, 2 жумага созулмакчы. Кароол башчылардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу өлкөнүн түштүк регионунда да улантылат.

Последние новости