www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Кытайга барган жумушчу сапарынын  алкагында кызматташуу боюнча бир нече келишимдерге кол коюлду.

Документтердин ичинде эң негизги келишим Кытайдын TBEA компаниясы менен Сары-Жаз дарыясына ГЭСтер каскадын жана "Кемин-Торугарт" 500 кВ жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу тууралуу меморандум бар.

Бирок аталган компания мурда Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылап, анысы чуу менен коштолгон. Натыйжада, Кыргызстандын жогорку кызматтагы бир нече көрүнүктүү мамлекеттик, саясий ишмерлер коррупцияга айыпталып камалышкан. 

Тактап айтканда, ТВЕА компаниясы 2014-2017-жылдары Бишкектин жылуулук электр борборун модернизациялоо иштерин жүргүзүп, 2018-жылы январда анда авария болгондон кийин чуу башталган.

Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иштери козголгон. Бул үчүн мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков баштаган ошол кездеги Энергетика министрлери Айбек Калиев, Осмонбек Артыкбаев, Каржы министри Ольга Лаврова, ТЭЦтин директорлору Темирлан Бримкулов, Жолдошбек Назаров, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчиси Салайдин Авазов сыяктуу бир топ жетекчиге айып тагылып, түрдүү жаза мөөнөттөрү чегерилген. 

ЖЭБди модернизациялоо иштерине кеткен 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген. Кыргыз тарап бул насыяны 100 миллион доллардан ашык үстөгүн кошуп, 493 миллион доллар кылып кайтарууга тийиш. 

Мына ушундай репутациясы күмөн жараткан компания менен Сары-Жаз дарыясына 6 ири ГЭС курууну пландап, келишимге кол коюлганына шектүү карагандар арбын. 

Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен ТВЕАнын президенти Чжань Синь меморандумга кол койгондон кийин компанияны аталган долбоорлорго тартуу кызыкчылыгы тууралуу буларды айтты:

“Сары-Жаз жана Эңилчек дарыяларына 1160 мегаваттык алты ГЭС курулат. Ал жылына 4 млрд 600 кВ/саат электр энергиясын өндүрөт. Биз ГЭСтерди TBEA компаниясы менен беш-алты жыл ичинде куруп бүтүшүбүз керек. Андан тышкары 500 кВ Кемин-Торугарт электр берүү линиясын куруу боюнча меморандумга кол коюлду. Өндүрүлгөн электр энергияны Шинжаң-Уйгур автоном районунуна экспорт кылууну келиштик”, – деди. 

Демек, ТВЕА курчу ГЭСтерден чыккан электр энергиясы Кытайга экспорттолуп, Кыргызстандын ички керектөөсүнө пайдаланылбайт десек жарашат. 

Ысык-Көл облусундагы Сары-Жаз дарыясына гидроэлектростанция куруу жөнүндө май айында президент Садыр Жапаров Кытайга барган учурда да сөз болуп, меморандумдун деңгээлинде документтер кабыл алынган. Анын артынан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайга барып, ТВЕА компаниясынын лабораториясын жана заводун да көргөн. Төрөбаев ТВЕАнын президенти Чжань Синь менен да жолуккан.

Сары-Жаз суусуна 1100 МВт кубаттуулуктагы алты ГЭС куруу планы 1982-1987-жылдары иштелип чыккан. Эгемендик алган жылдары аны ишке ашыруу аракети мерчемделгени менен, ушул кезге чейин токтоп турган. Кыргызстандын азыркы эң ири – Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 эле МВт экенин эске алганда, Сары-Жаз ГЭСтер каскады курулса, реалдуулукта кыргыз энергетикасына чоң дем болуп бермек. Бирок өндүрүлгөн электр энергиясынын Кытайга экспортолору Кыргызстан үчүн ички таңсыктыкты жабууга, керектөөгө жарыгы тийбей турганы чоң суроо жаратат...

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости