www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМдин Баткендеги башкармалыгы жыл жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн, 1-февралда  ӨКМнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы 2021-жыл ичинде аткарылган жумуштар боюнча жыл жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.

Аны менен катар, облустук жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте жүзөгө ашкан иш аракеттер да коомчулукка жеткирилди.  

Маалым болгондой, жыл башында КР Президенти С.Жапаровдун катышуусунда “Коопсуздук-2021” машыгуусу жарандык коргонуу кызматтарынын катышуусунда уюштурулуп, аталган иш-чара өз максатына жетти. 
Жыл ичинде 497 кырсык катталган болсо, анын ичинде 6 өзгөчө кырдаал. Ал эми Баткен районунун Газ, Лейлек районунун Ак-Терек айылында болгон сел кесепеттери учурунда өздүк курам жеринде кечиктирилгис ыкчам аракет көрүп, жыл соңунда 3 көпүрө курулуп бүткөрүлдү. Жалпы жонунан өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын куткаруу иштерине чыгуусу менен жалпы суммасы 595 млн.030 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Кыргыз-тажик чек арасында 28-30-апрель күндөрү катталган кагылышууда облус боюнча 40649 жаран эвакуацияланып, талкаланган 220 объект, 138 турак үйгө КР ӨКМнен 305 куткаруучу, 18 инженердик техникалар тартылды. Күйгөн үйлөр толук тазаланып бүткөрүлүп, 32 көчмө турак үй, 61 чатыр тигилип берилди. 

КР ӨКМ Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларында жалпы 67 объектиде толугу менен жумуш аткарылды. 
 
Жыйындын жүрүшүндө маалым болгондой, Жарандык коргонуу кызматтары жыл жыйынтыгын чыгаруу менен бирге эле 2022-жылга жана жаз-жай мезгилдерине карата иш мерчемин карап чыкты.

КР ӨКМ Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник О.Пазылов белгилегендей, жарандык коргонуу кызматынын жетекчилеринин алдында жооптуу милдет турат. Эң башкы маселелердин бири, кооптуу аймакта жашаган калкты көчүрүү иштери натыйжалуу аткарылбай жаткандыгы эскертилди. Ошондой эле жаз-жай мезгилине карата даярдык иштерин колго алуу, аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам табият кырсыктарынын алдын алуу зарылдыгы турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости