www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын «The Guardian» басылмасы жүргүзгөн иликтөөдө жасалма паспорттор «ИГИЛ» менен байланышкан адамдарга Сириядан Улуу Британия, Европа биримдигине мүчө өлкөлөргө, Канада жана АКШга барууга мүмкүнчүлүк берип жатканы белгилүү болду.

Иликтөөнүн жыйынтыгы кечээ, 31-январда жарыяланган.

Ага ылайык, жасалма паспорт даярдоо менен алектенген адамдардын бири Түркиядан чыккан этникалык өзбек экени аныкталды. Ал ар кайсы өлкөнүн паспортун жогорку сапатта жасалмалап, чоң акчага, кээде 15 миң долларга чейин сатат.

«The Guardian» басылмасына Сириянын чек арасынан мыйзамсыз өткөн адам, Түркиянын Стамбул шаарындагы аэропорт аркылуу башка өлкөгө учуп кеткен 10 чакты учур белгилүү болду.

Жасалма паспорт саткан адамдардын айтымында, кардарлардын арасында Европа биримдигине мүчө мамлекеттерге учуп кетүүнү каалагандар көп. Ошондой эле АКШнын аймагына мыйзамсыз кирүү үчүн Россиянын жасалма паспорту менен Стамбулдан Мексикага учуп барган 2 адам бар.

«The Guardian» басылмасы белгилегендей, жасалма паспорт даярдаган этникалык өзбектин иши абдан жакшы жүрүп жатат. Ошондуктан ал жакында эле Телеграмда өзүнүн каналын ачкан.

«Мен ким кайсы топтон экенин сурабайм. Ким менен болсо да иштешкенге даярмын. Ким жаман, ким жакшы деп бөлүү менин ишим эмес. Аны менен атайын кызматтар алектениши керек», - дейт этникалык өзбек. Аны менен «The Guardian» басылмасынын журналисти кардар катары баарлашкан.

Жасалма паспорт даярдоо бизнесинин өнүгүшү экстремисттердин атайын кызматтардан из жашырып, кылмыштары үчүн жоопкерчиликке тартылуудан качууга жана террористтик ишмердүүлүгүн башка өлкөлөрдө да жүргүзүүгө жол ачууда.

2015-жылы Батыш өлкөлөрүнүн атайын кызматтары «ИГИЛде» Сириянын жана Ирактын жасалма паспортторун даярдоо үчүн атайын жабдык жана бош бланктар бар экенин билдиришкен.

Кийинчерээк жасалма паспорттор экстремисттик топтордун мүчөлөрүнө Сирия жана Ирактан качкан качкындар катары дүйнө кезүүгө жардам берген.

Этникалык өзбектин айтымында, ал 500 долларга изин сууткусу келген адамга Түркиянын каза болгондугу тууралуу маалым катын да жасап бере алат.

Европага барууга жардам бере турган жасалма паспорттордун эң арзаны Россия, Кыргызстан жана Казакстандын паспорттору болуп саналат. Алар 500 долларга жасалат. Ошондой эле Шенген визасын даярдоого дагы 1000 доллар төлөш керек.

Популярдуу жана кымбат жасалма паспортторго Украина менен Молдованын паспорттору кирет. Себеби бул өлкөлөрдүн паспорттору менен Европа биримдигине мүчө өлкөлөргө визасы жок кирсе болот.

Ал эми Европа биримдигинин жасалма паспорту эң кымбат, 8000 доллар турат.

Негизи Европа биримдигине мүчө мамлекеттин жараны Түркияга келип, өзүнүн паспортун жасалма паспорт даярдагандарга 2500 еврого сатат. Андан соң анын паспортундагы сүрөттү кардардын сүрөтүнө алмаштырылат. Ал эми европалык жаран паспортун жоготконун айтып, өз өлкөсүнүн Стамбулдагы консулдугуна кайрылат.

Анын паспорту өз өлкөсүндө даярдалып, кайра Стамбулга жөнөтүлөт. Муну менен жасалма паспорт даярдагандар расмий штамп алышат, ал паспорттун мыйзамдуулугун тастыктоого жардам берет.

«Паспорт жаслмалоо арзан эле болот. Бирок анын штампын алуу кымбат. Акчанын көбү штамп алуу үчүн пара берүүгө кетет», - дейт паспорт жасалмалаган орусиялык жаран.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости