www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурда ири өрт чыккан, Бишкек шаарында жайгашкан күйүүчү-майлоочу май сакталган кампа жабылды. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Тимирязев көчөсү менен Жибек Жолу проспектинин кесилишиндеги күйүүчү, майлоочу май турган кампада көчмө жыйын өткөрдү.

Эске салсак, былтыр декабрь айында аталган объектиде ири өрт чыккан. Андан эки жыл мурда ошол эле жерде уюлгуган кара түтүн менен жалын асманга көтөрүлгөн эле.

Мэриядан ал кырсыктардан кийин деле кампа жабылбай иштеп келгендигин айтышты. Жыйындын соңунда тергөө иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды. Ал эми кожоюндарына товарларын алып чыгып кетүүгө убакыт берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости