www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык бала багуучу караган эки жашар кыздын каза болуп калганын байланыштуу маалымат берди. Анда бул окуядан улам 1987-жылы туулган "И.Н.М." аттуу кыргызстандык жаранга кылмыш иши козголуп, камакка алынганы айтылат.

"Укук коргоо органдарынан алынган маалыматка караганда, "И.Н.М." бала багууда коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүүгө жол берген, анын натыйжасында бала шектүүнүн батиринде каза болгон. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди",-деп ажазылган маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин орусиялык айрым басылмалар бала багуучу кыздын өлүмү тууралуу апасына дароо кабар бербей, эки күн жашырып жүрүп алганын жазышкан.

Кылмышка шектелип жаткан жарандын жакындары, жактоочусу азырынча комментарий бере элек.

Расмий маалыматтарга караганда, Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашат, ал эми бейрасмий булактарда алардын саны бир миллиондон көп.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости