www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда президенттик шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулган. Бул тууралуу КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынан байкоочу катары барган топтун координатору Михаил Русый билдиргенин РИА Новости жазды.

"Бардык уюштуруу иштери жогорку деңгээлде жасалган. Ар бир жаран оюн эркин билдирүүдө. Мунун баарын каттап жатабыз", — деген Русый.

Ал КМШ ПААдан эң көп байкоочу барганын кошумчалаган.

"Бизде 22 мамлекеттен 60 мүчө шайлоого байкоо жүргүзүүдө", — деген Русый.

Белгилей кетсек, Россияда 15-мартта башталган президенттик шайлоо үч күнгө (15-16-17-март) созулмакчы. Президенттикке Владимир Путин, Леонид Слуцкий, Николай Харитонов жана Владислав Даванков талапкерлигин койгон

Булак: NazarNews.kg

Последние новости