www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн Аксы окуясын эскерүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

Урматтуу мекендештер!

Мындан туура 22 жыл мурун авторитардык бийликке каршы жалпы элдик козголууга түрткү берген Аксы окуясы Кыргызстандын соңку тарыхындагы кара тамга менен жазылган саясий окуялардын бири болуп калды.

Ар жылы ушул күнү текебер бийликтин колунан каза тапкан чыныгы эр-азаматтарды эскерип келебиз. Бабалар мурас кылган эркиндик үчүн кандан-бектен кайра тартпаган, тизе бүгүп, баш ийбеген, эл-журттун эртеңки келечеги үчүн жан берген атуулдардын элеси эсибизде түбөлүккө сакталат. Кыргызстандын бүтүндүгү, элдин эркиндиги, демократиялык ачык-айкын өлкөнүн келечеги үчүн өз жандарын аябаган аксылыктардын эрдигине таазим кылабыз!

Аксы окуясынын каармандары тарыхый бурулуш катары чоң сабак калтырышты. Бул трагедиядан азыркы жана келечектеги муундарыбыз сабак алып, бакубат жашоого умтулушат деген терең ишеничтебиз.

Биз Аксы окуясын жадыбыздан чыгарбай, элдин үмүт-тилегин аткаруу үчүн жан үрөп иштөөдөбүз. Төрт тарабы шай келген, кен байлыктарга бай келген, жаратылышы кооз, суусу мол өлкөбүздү өнүктүрүүгө, кылымдарды карытып келаткан ары нарктуу, ары салттуу кыргыз элинин бакубат турмушун камсыз кылууга бар аракетибизди жумшап жатабыз. Бир катар тармактарда жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизинде орун алган көйгөйлөр четинен чечилүүдө. Албетте, мунун баары “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” биримдиктүү журтубуздун колдоосу астында ишке ашууда.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Жаркын келечекке багыт алып, өнүккөн мамлекетти куруудагы аракетибизден талбайлы. Баарыбыз ынтымакта жашап, элибиздин эртеңи жана мамлекетибиздин жаркын келечеги болгон жаштарыбызга туура таалим-тарбия берип, өлкөбүздүн алдыга карай өнүгүүсүнө салым кошолу. Ошондо гана биз чындык үчүн курман болгондордун алдында жүзүбүз жарык болот!

Кыргызстаныбызда туруктуулук өкүм сүрүп, ар дайым тынчтык болсун!”.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости