www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КМШнын эл аралык байкоочулары

КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын байкоочулары "Ата-Бейит" комплексине барып 1916-жылдагы трагедиялуу окуянын курмандыктарынын элесине арналып тургузулган мемориалга гүл коюшту.

Эл аралык миссиянын өкүлдөрү Кыргызстанда 11-апрелде өтүүчү жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумга даярдыктын жана анын өтүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн келишкен.

Алар буга чейин өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Абай Молдокматов, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен жолугушкан.

Бүгүн алар Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Нуржан Шайлдабекова жана биринчи вице-премьер Артём Новиков менен жолугушат.

Жолугушуулар тууралуу КМШнын ПААсынын башкы катчысы Дмитрий Кобицкий ой бөлүштү.

"Бардык мамлекеттик органдар алдыдагы референдумда өзүлөрүнүн милдеттерин так билишерин байкадык. Кыргызстандын эли өз тандоосун жасагандан кийин, өлкөнүн мындан аркы өнүгүшү үчүн зарыл болгон туруктуулук орнойт деп үмүттөнөбүз. Кыргызстандын Шериктеш мамлекеттердин баары менен мамилесинин келечеги кең", - деген Кобицкий.

Жалпысынан Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларында КМШ ПААнын 54 байкоочусу иштейт. Байкоо салуучу топту Тажикстандын парламентинин өкүлү, КМШ ПААнын укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Дилшод Рахмон жетектейт.

Эл аралык уюмдун байкоочулары 10-январда өткөн президенттик шайлоонун жүрүшүнө да көз салышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости