www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл Бишкек шаарында бир катар эл аралык ири спорттук мелдештер өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аталган спорттук иш-чараларды даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин отурумунда билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, борбор калаада төмөнкүдөй эл аралык иш-чаралардын өтүшү күтүлүүдө:
21-26-февраль — өспүрүмдөр жана балдар арасында бильярд боюнча дүйнө чемпионаты;
26-февралдан 3-мартка чейин — бильярд боюнча дүйнө чемпионаты;
10-16-март — "А" тайпасынын үчүнчү дивизионунда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты;
23-марттан 1-апрелге чейин — аялдар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты;
25-30-март — угуусу начар адамдар арасында таэквондо боюнча дүйнө чемпионаты;
11-16-апрель — грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты;
19-21-апрель — грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына Азия квалификациялык (лицензиялык) турнири.
Эдил Байсалов бул спорттук мелдештерди ийгиликтүү өткөрүү үчүн профилдик мамлекеттик органдарга тиешелүү чара көрүүнү тапшырды.
Булак: NazarNews.kg