www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда жалган маалымат чыгарып, тараткандарга айып салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорду өкмөт даярдады.

Министрлер кабинети билдиргендей, учурда интернет, социалдык тармактар ой-пикир жазуунун гана эмес, жалган маалымат таратуунун аянтчасына айланды. Айрым адамдар жалган аккаунт ачып алып, кайсы бир окуя боюнча абалды курчутуш үчүн калп маалыматтарды таратат.

Өкмөт интернет, социалдык тармактар же ЖМК аркылуу коомдук тартиптин, жарандардын же уюмдардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарынын бузулушуна шарт түзгөн жалган маалымат чыгаруу, жайылтуу үчүн, эгер ал кылмыш жоопкерчилигин караштырбаса, айып салуу сунуштоодо. Жарандар үчүн айып 20 миң сом, юридикалык жактар үчүн 65 миң сомду түзөт.

Айып пулду милиция кызматкерлери салат, ал эми ишти сот карайт.

«ЖМКны, интернет мейкиндигин жөнгө салуу цензура же демократиялык укуктар менен эркиндиктерди басмырлоо катары бааланбашы керек», — деп билдирет өкмөт.

Эскерте кетсек, буга чейин өкмөттүн социалдык тармактарда, ЖМКларда кимдир бирөөнү мазактаган, сөккөн же жалаа жапкан адамдарга айып салуу тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынып, күчүнө кирген.

Последние новости