www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марк Рютте Нидерландиянын тарыхында эң узак мөөнөткө кызмат кылган премьер-министр болуп калды, деп жазат Reuters.

55 жаштагы саясатчы бийликте турган 12 жыл ичинде ондон ашык ички кризисти башынан өткөрдү. Көптөгөн голландиялык шайлоочулар анын лидерлигинен тажаганын айтышат, бирок ага анык альтернатива жок.

Премьер-министр өзүнүн биринчи коалициясын 2010-жылы жана төртүнчү коалициясын 2021-жылдын октябрында түзгөн. Көпчүлүк аны коронавирустук пандемияга каршы күрөшүү аракети үчуг колдогон.

Марк Рютте жөнөкөйлүгү менен дагы өзгөчөлөнүп келет. Ал жумушка күн сайын велосипед менен барат. Рютте жан сакылардан да баш тарткан.

Премьер-министр өзүнүн жөнөкөйлүгүн биринчи жолу көрсөтүп жаткан жок. 2018-жылы ал Гаагадагы Саламаттыкты сактоо, бакубаттуулук жана спорт министрлигинин имаратында болгон. Коридордо бара жатып, Рютте кокусунан стаканынан кофени төгүп алып, полду өзү сүрткөн. Тазалоочулар абдан таң калышкан.

Марк Рюттенин бул аракети камерага түшүп калган. Видео интернетке тарап, дароо популярдуу болуп кеткен. Ар кайсы өлкөлөрдөн келген колдонуучулар бул дүйнөлүк лидер өзү пол сүртүп, тазалоочуларды чакырбаганына таң калышкан.

Последние новости