www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттери токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт койду.
Тактап айтканда, Сокулук районунун Күн-Туу айыл аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө карата физикалык зомбулук көрсөтүү жолу менен 1 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алышкан.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү: И.Э., И.С. жана М.К. аттуу жарандар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул адамдардын башка кылмыштарга катыштыгы такталууда.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети уюшкан кылмыштуулукка жана башка ар кандай терс көрүнүштөргө каршы күрөшүүнү улантууда.