www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкор-Ата шаарында жаңы стадион ачылды

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарында “Нефтичи” стадионунун ачылышына катышты.

Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарында Кочкор-Ата шаарындагы толугу менен реконструкцияланган “Нефтичи” стадионунун ачылышына катышты. 

Спорт комплекси “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун балансында турат. Стадиондо профессионалдуу “Нефтичи” футбол командасы, ошондой эле 100дөн ашык жаш футболчу билим алган академия жайгашкан. Мындан тышкары “Нефтчинин” ар кандай курактагы балдардын үч командасы бар, алар республиканын футбол чемпионатына үзгүлтүксүз катышып турат. 

Стадиондун ачылышында мамлекет башчысы сөз сүйлөп, бүгүнкү күндө “Кыргызнефтегаз” — геологиялык чалгындоо, мунай өнүмдөрүн кайра иштетүү жана сатуу, кен чыккан жерлерге скважиналарды куруу сыяктуу иш-аракеттер комплексин өзүнө камтыган бирден-бир ишкана экенин айтты. Компания Кочкор-Ата шаар калкын ичүүчү суу жана газ менен камсыз кылып, шаардын негизги спорттук стадионун оңдоп, сейил бактарды, башка маданий жана коомдук жайларды көрктөндүрүү иштерине чоң көмөк көрсөтүп келатканын баса белгилей кетти. 

Президент акционердик коом жаңы скважиналарды бургулоо жана ишке киргизүү жаатында бир топ ийгиликтерди жаратып келатканын айтып өттү. Чет өлкөлүк инвестициялык компаниялар менен тыгыз иш жүргүзүлүүдө. Натыйжада мунай жана газды казып алуу көлөмү көбөйүп, ишканада экономикалык жана каржылык көрсөткүчтөрдүн олуттуу өсүш тенденциясы байкалууда.

Последние новости