www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кочкор районунда жаандан улам жүргөн селден улам бир катар өзгөчө кырдаалдар катталып, алдын ала эсептөөлөр боюнча 8 млн 260 миң сом зыян келтирилди.
Маалыматка ылайык, Ормон Хан айыл өкмөтүнүн аймагында сел суулары көпүрөлөрдү, айдоо аянттарын жана чарбалык курулуштарды жабыркаткан.
Көл-Үкөк жайлоосундагы чабандын 13 баш кой-эчкиси дайынсыз жоголгон.
Ошондой эле Сары-Булак айылында бир турак үйдү жана сарайды суу каптап, үй ээсине 500 миң сомдук чыгым келтирилген.
Белгиленгендей, 1-июлдан 5-июлга чейин жааган жаандан кийин Кара-Саз айылында тогуз, Исакеев айылындагы Көл-Үкөк жайлоосунда жана башка аймактарда айдоо жерлерге, сарайларга баруучу төрт көпүрө селден улам жараксыз болгон.
Семиз-Бел айылында 20–25 метрлик лоток бузулган.
Учурда келтирилген чыгымдарды тактоо жана кесепеттерин жоюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.