www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экотехкөзөмөл кызматынын Нарын аймактык башкармалыгы жана Кыргызстандын аңчылар жана балыкчылар коомунун мергенчилери Кочкор районунда жапайы тоо текенин улагы мыйзамсыз атылганын аныкташты. Бул тууралуу Экология министрлиги билдирди.
Жаныбардын эти Кочкор районундагы Каракол жайлоосунун Дүңгүрөмө тилкесинде жайгашкан убактылуу вагон-үйдүн жанынан табылган.
Маалыматка ылайык, вагондун ээси, Н.Б. аттуу Кочкор районунун тургуну жапайы улакты мыйзамсыз атканын мойнуна алган.
Мекеменин билдирүүсү боюнча, тоо текеге мыйзамсыз аңчылык кылгандар үчүн 300 миң сомго чейин айып пул каралган.
Улактын эти жана кишинин куралы райондук милицияга өткөрүлүп берилип, ал жерде тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.