www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көчөдөгү адамдарга кол салган эркек киши кармалды. Окуянын видеосу буга чейин социалдык тармактарга жарыяланган болчу.

Чүй ОИИБ билдиргендей, окуя 2-ноябрда саат 22:00 чамасында аэропортко барчу жолдогу Манас айылында болгон. Азиат түспөлүндөгү белгисиз адам эч себепсиз адамдардын аркасынан кууп, аларды колундагы буюм менен чаап баштаган. Анын кесепетинен бир адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Шектүү белгисиз унаага отуруп, качып кеткен.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталган.

Сокулук РИИБдин ыкчам издөө тобунун кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 1982-жылы туулган И.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милициянын берген маалыматына караганда, шектүү «Ош» базарынын жанындагы батирлердин биринде жашырынып жүргөн.

Учурда тергөө иштери уланып жатат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости