www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда дагы үч шайлоо участкасы ачылат

Россиянын аймагында кошумча дагы үч шайлоо участкасы ачылат. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова коомдук диалог учурунда билдирди.

Анын айтымында, шайлоочулардын саны көп болгонуна байланыштуу кошумча участкаларды ачуу чечими кабыл алынган. Ага ылайык, Москвада эки, Тюмень шаарында бир шайлоо участкасы ачылмакчы. Буга чейин Россиянын борбор калаасында үчөө гана болсо, муну менен добуш берүү пунктуларынын саны бешке жетет.

Бул иштерди аткаруу үчүн БШКнын мобилдик тобу эртең Россияга жөнөп кетет.

Быйылкы парламенттик шайлоодо чет мамлекеттерде 45 шайлоо участкасы ачылып 35 575 миңден ашуун шайлоочу катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости