www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абаддагы борбордук көчөлөрдүн бири - Пушкин атындагы көчөгө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин агасы, маркум Каныбек Ташиевдин ысымын ыйгаруу тууралуу сунуш бүгүн 10-мартта шаардык кеңештин сессиясында каралды.
Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков билдиргендей, бул көчөнүн аталышын өзгөртүү тууралуу арыз менен Ташиевдин туугандары жана жергиликтүү тургундар кайрылышкан.
Бул боюнча 9-мартта депутаттык комиссия түзүлгөн. 10-марттагы шаардык кеңештин жыйынында шаар мэри Эрнисбек Ормоков "документ боюнча көптөгөн маселелер жаралат" деген негизде көчөнүн мурдагы аталышын калтырууну сунуштап, депутаттар аны колдоду.
Жалал-Абаддагы “Томас” жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү катары белгилүү болгон Каныбек Ташиев коронавирус күчөп кеткен 2020-жылдын июль айында, 57 жашында каза болгон.
Булак: NazarNews.kg