www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-апрелдеги Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн мезгилдүүлүк маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган юстиция министринин орун басары Айбек Айдаров белгилегендей, мыйзам долбоору туруктуу укуктук жөнгө салууну жана туруктуулукту жогорулатуу, укуктук аныксыздыкты азайтуу жана калктын укук системасына болгон ишенимин бекемдөө максатында иштелип чыккан. Баяндамачы акыркы жылдары кодекстерге тез-тез өзгөртүүлөрдү киргизүү тенденциясы байкалганын, бул алардын туруктуулугунун сапатын төмөндөтүп жатканын жүйө келтирип, мыйзам долбоору менен кодекстерге «КРнын Президентинин чечиминин негизинде же КРнын Конституциялык сотунун чечимин аткаруу максатында өзгөртүүлөр киргизилген учурларды кошпогондо, жылына бир жолудан көп эмес өзгөртүү киргизилет» деген өзгөртүү сунушталып жатканын билдирди.

Андан тышкары, жыйында Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Эмгекти коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алышты.

Мыйзам долбоору кызматкерлер үчүн дени сак жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү, өндүрүштөгү кырсыктарды жана кесиптик оорулардын алдын алуу, ошондой эле мамлекеттик деңгээлде эмгекти коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана мындан ары аталган мыйзамды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

 

Последние новости