www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын бири Алга Кылычев тергөө менен кызматташуудан баш тарткандыктан, анын ишин Аламүдүн райондук соту өзүнчө карап жатат. Кызматташуудан баш тартуу тууралуу арызды 18-августта жазган. Ошондон бери 4-5 соттук отурум пландалып, бирок прокуратурадан өкүлдөр барбагандыктан сот боло элек. Бул тууралуу Социал-демократтар партиясынын тараткан билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматка ылайык, мурдагы президенттин тарапкери Алга Кылычев "Кой-Таш" иши боюнча 2019-жылы август айында камакка алынган. Андан бери Бишкектин №1 тергөө абагында эки ай, андан кийин маңзатка каршы мекеменин камагында 1,5 ай кармалган. Кылычевдин айтымында, бул аралыкта күч кызматкерлери өзүн кыйнап, жакындарын коркутуп-үркүткөндүктөн, тергөө менен кызматташууга аргасыздан макул болгон.

Ошондой эле анын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бербегенин да ммалым болду.

Ал эми Кылычевгге байланышкан кийинки отурумун Аламүдүн райондук соту 26-ноябрга белгиледи.

Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын август айында өткөн. Анда бир адам каза болуп, 175 адам жараат алган.

Бул иш боюнча баш-аягы 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. Кылмыш кодексинин «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Барымтага алуу» беренелери менен кине коюлган. Сот аягына чыга элек.

Белгилей кетсек, Кой-Таш окуясы боюнча соттолуучулардын дагы бири Амантур Жамгырчиев да тергөө менен кызматташуу тууралуу мурда кол койгон макулдашуусунан баш тартканын 30-октябрда билдирген. Ал да үч соттук отурум болгонун, бирөөнө да айыптоочу тарап келбегенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости