www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулар ачык кайрылуу жасашты. Бул тууралуу СДПКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Төмөндө кайрылуунун толук текстин сунуштайбыз:

11-ноябрда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жана Башкы прокуратуранын ички коопсуздук жана ички иликтөө бөлүмү тарабынан Аламүдүн районунун прокурору Стакеев Эдилбек Аскарович пара алуу фактысы боюнча кармалды. Ал 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча мамлекеттик айыптоочулар тобунун мүчөсү.

Ошентип, Эдилбек Стакеев Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөлүк-кландык режиминин саясий буйруктарын аткаргандардын катарына кирет.

Мамлекеттик айыптоочулар тобун Бишкек шаарынын прокурору Темирбек Бекмаматов Асылбек Жээнбековдун тууганы (кудасы) жетектейт. Ал аркылуу бир тууган Жээнбековдор сот ишин көзөмөлдөшкөн.

Кой-Таштагы окуялар боюнча кылмыш иши 84 томдон турат. Бирок иште айыпталуучулардын күнөөсүн далилдеген бир дагы далил жок. Бардык айыптоолор ойдон чыгарылган жана акылга сыйбайт, алар ачык-айкын саясий түскө ээ. Тергөө бир тараптуу түрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана адам укуктарын одоно бузуу менен жүргүзүлдү.

Сот жараяны коомчулуктун жана ММК өкүлдөрүнүн катышуусуз жабык эшик артында өтүп жатат. Айыпталуучулар башынан эле объективдүү иликтөөнү жана соттун ачык өтүшүн талап кылган.

Белгилүү болгондой, Кой-Таштагы окуялары боюнча өткөн акыркы сот отурумунда судья Марат Сыдыков өзүн иштен чететтү чечимин кабыл алды. Айыпталуучулар мамлекеттик айыптоочулардын тобун өзгөртүүнү да суранды.

Мурда кысымга алынып, кыйноого кабылган адамдар тергөө менен кызматташууга аргасыз болгонун айтып, тергөө менен кызматташуудан баш тартуу жөнүндө арыз жазышканын эске алып, биз ишти кайрадан  тергөөгө жиберүүнү талап кылабыз. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө мыйзамсыз чабуулуна, УКМКнын “Альфа” атайын кызматынын командиринин орун басары Усөнбек Ниязбековдун өлүмүнө жана тынч куралсыз адамдарга кол салган чыныгы күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жооп бериши керек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости