www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы лейтенанттан генералга секирип жеткен Абдил Сегизбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жарандык позициясын көрсөтүү, моралдык колдоо үчүн барган. Бул тууралуу ал Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын 19-сентябрдагы жыйынында билдирди. Ал Кой-Ташка барган учурда бийликти басып алуу жана түндүк-түштүк маселеси козголбогонун айтты. Саясат тууралуу мурдагы президент менен сүйлөшпөгөнүн кошумчалады. Комиссия мүчөлөрүнүн суроосуна жооп берип жатып, Сегизбаев Атамбаевдин тарапташтарына бир жолу мал союп бергенин ырастады:
- Мен барганда айылдаштар көп экен. «Тамак-аш жагынан кыйын болуп жатат» деп айтышкан. Бир мал союп бергеним чын.
Сегизбаев өзү да Кой-Ташта жараат алганын, бутуна желим ок тийгенин билдирди. Кой-Таштагы окуяларга, ошол учурда Алмазбек Атамбаевдин тергөөгө барбай жатканына жана УКМКнын «Альфа» тобунун аракеттерине баа бере албай турганын айтты. Муну учурда тергөө жүрүп жатканы менен байланыштырды.
Кой-Ташта 7-8-августта болгон окуя боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Турусбек Коёналиев маалымат берип жатат. Бүгүнкү жыйынга ЖК депутаты Ирина Карамушкина дагы чакырылган. Ал эми дагы бир депутат Асел Кодуранова комиссия менен иштешүүдөн баш тартканы жыйындын башталышында айтылды.
Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомдук-саясий ишмерлер, эксперттер кирген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg