www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Алтай Республикасында Манас-Атанын эстелигин тургузуу сунушун көтөргөнүн билдирди.

Анын айтымында, бул демилге Алтай Республикасынын өкмөт башчысы Александр Прокопьев менен болгон жолугушууда талкууланып, тараптар сунушту ишке ашыруу боюнча макулдашууга келишкен.

Анын айтымында, эстеликти жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөөгө арналган иш-чаралардын алкагында орнотуу пландалууда. Ал Айтматовдун «Манас» эпосун өзгөчө аздектеп, чыгармачылыгына андан дем алганын белгиледи.

"Манас-Атанын эстелигин жасоо эл аралык конкурс аркылуу жүргүзүлсө, ага Даши Намдаков, Андрей Осташов сындуу замандын таланттуу скульпторлору да катышса деген пикирди билдирдим. Буюрса!", - деди Койчиев.

Мындан тышкары, Койчиев соңку күндөрү кызуу талкууланып жаткан кыргыз алфавитиндеги «э» тамгасына байланыштуу пикирине да токтолду. Ал эч ким «э» тыбышын же тамгасын жоюуну сунуштабаганын белгилеп, өзү «бир тыбышка – бир тамга» деген илимий принципти жактай турганын айтты. Ошондой эле ал кыргыз алфавитине «қ» жана «ғ» тамгаларын киргизүү маселеси да илимий талкууга татыктуу экенин кошумчалады.

Последние новости