www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көк бөрү. Бул оюн кыргыз элинин ата-бабалардан берикеле жаткан, жедеп каныбызга сиңген улуттук оюндарыбыздын бирден-бири. Ушу тапта Ысык-Көлдөөтүп жаткан Көчмөндөр оюнунун бүйүр кызыткан бул оюнуна азыркы тапта бүт кыргыз эли назарын салып турат. Ал арада так ушу көк бөрү боюнча казак баурдастар адатынча тейтеңдеп чыгышты, кайдагы ойдо жок талаптарды коюп. Буга баарыбыз күбө болдук. Биринчиден алар Көчмөндөр оюнунун эрежесинде көрсөтүлгөн талаптарды чпоку ордуна көрбөй кыйынсынышты. Мындай көрүнүш ошол оюндарды өткөрүп жаткан өлкөнү сыйлабастык. Океандын ары жагынан келишсе бир жөн, Ала-Тоонун ары жагында туруп, Ала-Тоонун бери жагына, ат оюндарына аттары жок келишти. Анан ат сурашты, уюштуруучулар мунусуна да макул болуп ат таап беришти, жөө келгендерге. Ошентсе да «бизге андай эмес, башка ат керек» дегенге чейин догурунушту. Ошентип Россиянын Красноярск крайынан келгендер менен ойнобой, биринчи оюнга чыкпай, дайындарын таптырбай кетишти. Анысын башкы машыктыруучусу Каганат Сүйбаев Казахстандын командасы кыргыз тарап берген аргымактарга алымсынбай, ошон үчүн мелдешке чыкпай койдук деп түшүндүрдү. Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов коңшу өлкөнүн оюнчуларына келери менен эле ат берилгенин, болгону алар негизсиз шарттарды коюп жатканын билдирди. Анысы ал. Алардын дагы бир ыксыз талабы- атам замандан бери келе жаткан тай казанды алып салгыла деп чыгышты. Андай кылуу эл аралык Көчмөндөр оюнунун эрежеси боюнча дегеле мүмкүн эмес экендигин сопсонун билип турушса да. Эми, ушундай да болобу?
Негизи казак агайындар канчалык дардалаңдашпасын, көк бөрү боюнча кыргыздардан кыйла төмөн калаарын өздөрү деле сезет. Сезгени ушул, эптеп кыргыз көк бөрүчүлөрүнүн үстүнөн жеңишке жетиш үчүн эмнелерди гана кылышпады, чиркиндики!
“Көк бөрү” оюнунун заманбап эрежелери алгач 1996-жылы белгилүү кино режиссер Болот Шамшиев тарабынан жазылып, бир топ адистердин катышуусунда иштелип чыккан. Ал эреже бир нече өлкөлөрдүн “Көк бөрү” федерациясынын жетекчилеринин катышуусунда 2001-жылы 9-ноябрда Бишкекте өткөн Эл аралык сьездинде көпчүлүк макулдашуу менен бекитилген. Мисалы, ал заманбап эрежеде ар бир командадан 12 адам төрт-төрттөн улам алмашып, жалпы узундугу 200, туурасы 70 метрден ашпаган, жумшак (кум же кык төшөлгөн) аянтчада оюн үч бөлүктөн туруп, ар бири 20 минутадан болсуусу шартталган. Улакты таштоочу тайказандын жалпы диаметри 3 метр, бийиктиги 1, 2 метр болуусу макулдашылган. Ошондой эле оюн учурунда эрежени бузган оюнчу 2 мүнөткө оюн талаасынан четтетилери каралган. (Ал эми өткөн жылы Астанада өткөн Дүйнөлүк чемпионатта эреже бузган оюнчу казактардын койгон талабы боюнча оюн талаасынан 2 эмес, 5 минутка чыгарылып турду. Өзү болгону 20 мүнөт болсо.) Ошондой эле дагы бир белгилей кетүүчү нерсе- бул оюндун аты ар убакта “Көк бөрү” деп аталыш керектиги тээ 2002-жылы эле Эл аралык “Көк бөрү” федерациясынын жыйында бир добуштан бекитилген. Казакстандагы, азыр эле айтып өткөн дүйнөлүк мелдешти алар “Көк пар” деп атап салышты. Ошондо, 16 жылдан бери келе жаткан, эл аралык алкакта кол алышкан (эркече) эрежени ким бузган болот? Баса “көк пар” деген сөз эмне экенин биз эмес, казактардын окмуштуулары өздөрү жооп бере алышпаганын тарыхчы Дүйшөн Керимов айтып чыккан.
А негизи эле, көзгө сайып көрсөтүп айтчу эң негизки далилдүү аргумент- дүйнөдө биринчи жолу казак жергесинде өткөрүлгөн ал чемпионат чындап эле “Көк бөрүнүн” кылымдардан бери келе жаткан эрежесин казак туугандар каалагандай калчап өзгөртүп алганында болгон. Эң негизки эки себеп: биринчиден ошол “Көк бөрү” оюнундагы көчмөн элдердин философиялык өзөгү болгон “тай казаны” жер менен жер болуп орнотулган желим шакечелерге алмашылды. Анда, жоон билек азаматтар мурдагыдай улакты тай казанга көтөрүп ыргытпай, жанагы шакекчелерге бир-эки метр жетпей барып жөргөлөтүп ийип жатты. Бул түшкө да кирбеген бир чети күлкүлүү, бир чети ызалуу жорук болду. Экинчиден, ата-бабалардын салт-санаасында жок жорук, көк бөрү же улак жасалма “муляж” дегенге алмаштырылды. Көчмөн элдердин улуттук оюндарынын бирден бири болгон бул оюнда атамзамандан бери кадимки бөрүнүн же улактын башын кесип ыргытып, эки тарап тең ал жаныбарды каалаган жеринен мыжыга кармап жерден эңип алып, ээрдин кашына же бутунун алдына кыстарып алып атаандашынан буйтап же жөөлөшүп өтүп барып тай казанга таштачу. Даражасы бийик “дүйнөлүк” деген ал мелдеште андай болбоду. Жасалма, жылмакай, деги эле Азия элдеринин сөздүгүндө жок, төрт бутка окшогон жеринен гана эңип ала турган“муляж” дегенди ойлоп таап улуу оюндун касиети бул жерден да кемиди. Ошондой эле “дүйнөлүк” деп аталган андай мелдештерде, болгондо да финалдык оюнда нааразычылык жаралбаш үчүн жана оюн бир жактуу болбой, калыс өтүшүүчүн калыптанган эреже боюнча калыстар ар тараптан болуш керек эле. Казак туугандар бул эрежени да өздөрү каалагандай өзгөртүп ошол финалдык оюнда Казахстандык судьялар гана оюн талаасына чыгып, “калыстыгын” көрсөткөн эле. Мына ошол калыстардын аракети менен убакыт каалагандай алардын командасына иштеп турду, ошондо. Анан да биздин улакчы балдардын айтымында ошол финалдык оюнда жанагы “муляж” деген немеси өз салмагынан дагы 5 киллограммга чейин өсүп кеткени айтылган. Күтүүсүз мындай өзгөрүүгө тушуккан биздин жигиттер аны жерден эңип алууда өтө ыңгайсыздык жаралганын, ал эми атаандаштар ага күн мурунтан даярдык көрүп, ошого ылайыкталган машыгууларды да мурдатан өткөргөндөрү кийин белгилүү болду.
Астанадагы ошол мелдеште Кыргызстандын “Көк бөрү” боюнча курама командасынын лидери, Манас Ниязовду баурдастар оюнга катышууга болбостугун, эгер келсе баары бир оюн талаасына чыгарылбаарын билдиришип, акырында биздин команданын мыкты оюнчусу ал мелдешке барбай калган. Ошону менен бирге эле дагы бир мыкты көк бөрүчү Бактияр Жабагиев да белгисиз себептерден улам тизмеден алынган болчу. Манас Ниязов демекчи, өткөн 2016-жылы Ысык-Көлдөөткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк 2-көчмөндөр оюнунда биздин команда Казакстандын командасы менен финалга чыгып, ошондо Манас атаандаштарынын айласын алапайларын таппай калганча кетиргени азыр деле көрөрмандардын эсинде болсо керек. Ушундай ыкчамдыктын негизинде Кыргызстандын оюнчулары Казакстандын курама командасын 15:3 менен утуп жер караткан. Ошондо Манас Ниязов атаандаштардын тай казанына улакты беш жолу таштап “Эң мыкты чабуулчу” аталган эле.
Ага чейин, 2012-жылы Казакстандын Шымкент шаарында “Көк бөрү” боюнча эл аралык мелдеш өтүп, анда да финалга Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары башкы байге үчүн таймашка чыгып кыргыз жигиттери “Көк бөрү” оюну боюнча Азиядагы эң күчтүү деп аталган кошуналардын командасын 8:2 эсебинде утуп алган. Так ошол фиаскодон кийин Казакстандын “Көк бөрү” оюну боюнча федерациясынын жетекчилиги мындан ары Кыргызстандын командасы менен ойноого жана өздөрү тараптан уюштурулган турнирлерге биздин команданы катыштырбоого же биз жакка келип ойноого тыюу салышкан.
2013-жыл. Казакстан. “Казанат” ат майданы. Финал. Кайрадан анда да Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары. “Туура сүйлөгөндүн айыбы жок” дегендей ачыгын айтсак ошол финалдык мелдеште казак “туускандар” ачык эле чыр салышат. А дегенде калыптанган эл аралык эреже боюнча 3 таймдын оруна 2 эле тайм ойнойбуз дешип. Ошондой эле эреже бузган оюнчуну адаттагыдай 2 мүнөт эмес, оюн талаасынан 5 мүнөткө чыгаруу талабын коюшат. Биз тараптан судьялык кылуу укугун да чектейт. Ошол финалдык оюнда Казакстандык башкы орбитр болуп көрбөгөндөй өз командасына ачыктан-ачык эле жан тартат. Кыргызча айтканда “өз билгенин өзү билип, өтүгүн төргө илет” дегендей эле аракеттерди жасайт. Оюн “чү! ” деп эми мына башталганда эле Кыргызстандын командасынын лидери Рустам Тыналиевге 5 мүнөттүк айып жазасын берип, оюн талаасынан чыгарып салышат. Ошол учурда атаандаштар биздин тай казанга удаасы менен 3 жолу “гол” киргизгенге үлгүрүшөт. Оюндун жүрүшүндө алардын тай казанына ташталган бир улакты судья эсепке киргизбей коет. Ошентип казактар 4:2 эсебинде “таза” жеңишке жетишет.
... Мындан 37 жыл илгери, 1980-жылы Москвада өткөн жайкы олимпиада оюнунда жакшы девиз айтылган: “О, спорт сен достуксуң! ”, “О спорт, сен тынчтыктын символусуң! ” деген. Анын сыңарындай спортто душмандашуу же бөлүнүү деген болбойт. Кичинекей эле мисал, бизден канча чакырым алыстыкта турса да кайсы бир спортсмен, ал футболист же баша оюнчу болобу ага күйөрман болгон адам ал оюнчуну бир боорунан жаралган бир тууганынан бетер жан алекеттен кетип, анын жеңишин өз жеңишиндей кабыл алып же утулуп калса чын жүрөгү менен кейип жан тартып келет. Себеби, бул деген спорттун касиети, жогоруда айткандай достуктун анык символу! Негизинде кимибиз, кайсы улуттан, кайсы мамлекеттен болсок да так ошондой мамиле ар бирибиздин жүрөгүбүздө орун алышы керек. Казак баурдастарча чычалабай!
Кенжебек Арыкбаев
Булак: "Айгай"