www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Добуштарды кол менен эсептөө: Саат 9:30га карата жыйынтык

БШК Жогорку Кеңешке шайлоодо берилген добуштардын 19,53 пайызын колдо эсептеп бүттү.

30-ноябрь саат 9:30га карата БШКга шайлоо участкаларынан 487 протокол келип түшкөн. Бул 19,53 пайызды түзөт. Жалпы 3 703 420 жаран шайлоо укугуна ээ болгон.

Азырынча "Ынтымак" (13,30%), "Ата-Журт Кыргызстан" (12,87%), "Ишеним" (11,22%), "Ыйман нуру" (7,32%), "Эл үмүтү" (6,98) жана "Аяльянс" (6,20%) партиялары алдыда.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Партия тизмеси боюнча беш пайыздык босогодон алты партия өттү. Бир мандаттуу округ боюнча да алдын ала жыйынтык чыкты. Акыркы жыйынтык протоколдордун баары кол менен эсептелип чыккандан кийин расмий жарыяланат.

Белгилей кетсек, шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты кеминде эки жолу иштебей калды. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчи учурда АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган. Өз кезегинде БШК төрайымы бул боюнча жооп берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости