www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
22 жаштагы жигит муздак суусундукту ичкенден алты сааттан кийин Пекиндеги ооруканага кайрылып, ичи катуу ооруп жана көөп жатканын билдирген.
Маалыматка ылайык, ал Кытайдын жашоочусу бир жарым литр коланы 10 мүнөттө ичип, эртеси каза болуп калган. Бул тууралуу маалыматты чет өлкөлүк басма сөз каражаттары жазып чыгышты.
Дарыгерлер аны текшерип, боор оорусун жана пневматозду, тагыраагы, ашказандын кырларында газга толгон шишиктер пайда болгонун аныкташкан. Ошондой эле, жүрөгү бат-баттан согуп, дем алуусу да ылдамдап, кан басымы төмөндөп кеткени байкалган.
12 сааттан кийин анализ эркек кишинин боору катуу жабыркаганын көрсөткөн. Бир аздан кийин абалы начарлап, ооруканага кайрылгандан 18 сааттан кийин көз жумган.
Кытайлык дарыгерлер бейтап коланы ашыкча ичкендиктен организминде көмүр кычкыл газы топтолуп калганын айтышты. Бул боорго кычкылтекти жеткирбей, өлүмгө кептеген. Медиктер кошумчалагандай, ичеги-карындагы газ боор менен бириккен тамыр аркылуу кирип кеткен.
Ал эми лондондук университеттин колледжинин биохимиги Натан Дэвистин айтымында, жигиттин өлүмүнө суусундук эле таасир этти деп айтууга болбойт. Себеби организмде газдардын топтолушуна алып келген бактериялык инфекция дагы болушу мүмкүн. Ал газдалган суусундуктарды ичүү өтө зыян эмес экенин, анын кесепетин узак мөөнөттө гана байкоого боло турганын түшүндүрдү. Дэвис кола тишти бузуп, сөөккө минералдардын сиңишин начарлатышы мүмкүн экенин кошумчалаган.
Булак: NazarNews.kg