www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орто кесиптик окуу жайларына тандоонун биринчи турунда 30 миң 531 абитуриенттин арызы катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-июлдан 20-июлга чейин созулган биринчи турда эң көп өтүнмөлөр Бишкек медициналык колледжине – 1 миң 597, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжине – 1 миң 198, Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжине – 1 миң 49 түшкөн.
2023-2024-окуу жылына карата орто кесиптик окуу жайларына тандоо онлайн түрүндө "Абитуриент" автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт. Абитуриенттер колледждин жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.
Эскерте кетсек, тандоонун экинчи туруна арыздар 28-июлдан 7-августка чейин, үчүнчү турга 14-августтан 24-августка чейин кабыл алынат.
Булак: NazarNews.kg