www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-августта Жер планетасына кооптуу делген 2016 AJ193 астероиди жакындайт. Бул тууралуу маалыматты Москва планетарийине шилтеме берип РИА Новости маалымат сайты жазып чыкты.

Астроном адистери ал Жердин жанынан учуп өтөрүн белгилешти.

"Жерге жакындаган астероиддер" деп аталган асман телолорунун бүтүндөй бир классы бар. Алардын жакынкы келечекте Жер планетасына 7,5 миллион чакырым же андан да жакындай ала тургандары коркунучтуу объектилер деп эсептелет. NASA уюмунун эксперттеринин айтымында, 2016 AJ193 астероиди 21-августта Жерге болжол менен 3,4 миллион чакырым жакындайт. Анын көлөмү болжол менен 1,4 чакырым деп эсептелүүдө", — деп айтылат планетарийдин билдирүүсүндө.

Тарыхта буга чейин астероиддердин Жерге бир кыйла жакын учкандары да болгон. 2011-жылы көлөмү 100 жана 360 метр болгон эки асман телосу Жер планетасына 384 миң чакырым жакындаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости