www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети компаниялардын аталыштарында “адал” жана “халал” сөздөрүн колдонууга тыюу салууну караган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда учурда аталышында бул сөздөр камтылган 120дан ашык юридикалык жак катталган. Мамлекеттик органдар айрым ишканалар бул терминдерди халал стандарттарына же тиешелүү талаптарга жооп бербеген учурда да маркетингдик максатта колдонуп жатканын белгилешет.

Долбоордун негизги максаты — жарандарды жаңылыш маалыматтан коргоо жана “адал” түшүнүгүн өзүнүн чыныгы маанисине ылайык колдонуу. Министрлер кабинетинин пикиринде, бул термин расмий тастыкталган жана белгиленген талаптарга жооп берген товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө гана тиешелүү болушу керек.

Эгер сунушталган өзгөртүү кабыл алынса, жаңы катталып жаткан компанияларга фирмалык аталыштарында “адал” жана “халал” сөздөрүн колдонууга тыюу салынат.

Последние новости