www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Компьютер жана смартфондор балдарга эмнеси менен зыян?

Компьютер, планшет, смартфондор баланы көпкө алек кылат.

Бирок Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери ата-энелерге аталган жабдыктарды узак убакыт колдонуу баланын ден соолугуна зыян келтирерин эскертет.

Аталган аппараттардын балдардын ден соолугуна тийгизген терс таасири:

- көрүү жөндөмдүүлүгү бузулат;

- сүйлөөсү кечеңдейт;

- кыжырдануу, тынчсыздануу оорулары, невроздор жана депрессиялык абалдар;

- коомго аралашуусу жана эмоционалдык ителлектисинин өөрчүүсүндө көйгөйлөр жаралат;

- окуусунда кыйынчылыктар болот, көңул буруусу жана эске тутуму начарлайт;

- остеохондроз, сколироз, моюнда кан айлануунун бузулушу, баш оору жана уйкунун бузулуусу;

Албетте, технологиянын пайдасы көп. Бирок бул тууралуу бала маалымат менен иштөөнү үйрөнгөндөн кийин гана айтуу туура болот.

Компьютерде жана смартфондо уруксат берилген убакыт:

- 2 жашка чейинки балдар – толугу менен колдонбошу керек;

- 2 жаштан 5 жашка чейинки балдар – бир суткада 1 сааттан ашык эмес;

- 6 жаштан 18 жашка чейинкилер – бир суткада 2 саат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, азыркы балдар аппараттардын экранынын алдында өтө көп убакыт өткөрүшөт. Эксперттер балдарды сыртта көбүрөөк ойнотууга көңүл бурууга чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости