www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Конго Демократиялык Республикасынын куралдуу күчтөрү Руанданын армиясы өлкөнүн чек арасын бузганын айтып чыкты. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги билдирет.
Конго тараптын билдирүүсүндө, коңшу өлкөнүн армиясы мамлекеттин "территориялык бүтүндүгүн жана стабилдүүлүгүн бузуу аракеттерин улантууга ниеттенүүдө.
Конго Демократиялык Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн бөлүмдөрү окуя болгон жерге жиберилген чек арачыларга Руанда армиясынын кол салуусу болду. Андан кийин Конгонун куралдуу күчтөрү кабыл алынгыс провокация жасаган руандалык террористтерге каршылык көрсөтүп, андан соң өз өлкөсүнө чегиништи", - деп айтылат маалыматта.
2022-жылдын мартында Конгонун өкмөтү Руанданын куралдуу күчтөрүн Конго өкмөтү менен согушуп жаткан "Движение 23 марта" (М23) козголоңчуларын колдоп жатат деп айыптаган. БУУнун маалыматы боюнча, Руанда аскерлери Конгонун чыгыш бөлүгүндө M23 менен бирге согушкан, ошондой эле козголоңчуларды курал менен камсыз кылган.
Белгилей кетсек, M23 Конгодогу тутси этникалык азчылыгынын кызыкчылыктарын билдирет. M23 лидерлери Конгонун өкмөтү 2009-жылдын 23-мартындагы тынчтык келишимдери боюнча өз милдеттенмелерин аткарып жатканына нааразы. 2022-жылдын октябрь айынын башынан бери Конгонун армиясы менен М23 козголоңчуларынын ортосунда салгылашуу кайрадан башталган. 28-майда Конго Демократиялык Республикасынын өкмөтү М23 тобун террористтик топ деп жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg