www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү президент Байденге импичмент жарыялоого алып келе турган иликтөөнү баштады. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, мындай чечимге 221 “макул”, 212 “каршы” добуш берилип, чечим кабыл алынды. Иш жүзүндө чечимди Өкүлдөр палатасындагы республикачылардын баары колдоду.

 

Иликтөө бир жылдан бери формалдуу эмес түрдө жүрүп келген. Анда Жо Байдендин уулу Хантер Байден атасы президент кезинде Кытайда жана Украинада иштеген чет элдик компаниялар менен келишим түзүп, көп миллиондогон киреше тапкан жагдай каралып келет. Мыйзам чыгаруучулар мындан сырткары Хантер Байдендин ишмердүүлүгүн иликтеген Башкы прокуратуранын ишине Ак үй кийлигишкен-кийлигишпегенин да изилдеп жатат.

Республикачы сенаторлор Конгресстин бул чечими тергөөчүлөргө толук кандуу иликтөө жүргүзүүгө ыйгарым укук берет деп эсептешет. Алар буга чейин Ак үй Өкүлдөр палатасынын чечими жоктугуна таянып, Конгресске тиешелүү документтерди берүүдөн баш тартып келгенин билдирүүдө.

Президент Байден республикачылардын бул кадамдарын “саясий айлакерлик” деп атады. Демократтар республикачылар кайра бийликке келгиси келген экс-президент Дональд Трамптын шыкактоосу менен чыгып жатат деп белгилешүүдө. 53 жаштагы Хантер Байден бир топ жылдан бери Трамптын жана анын республикачыл тарапташтарынын сынына кабылып келет. Ал 2014-жылдан 2019-жылга чейин Украинадагы "Бурисма" аттуу газ компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости